Гаагада жаңжалдардын алдын алууда аялдардын ролу талкууланды

20/06/2025 - 09:18

Гаагада өткөн конференцияда улуттук азчылыктын өкүлдөрү болгон аялдардын жаңжалдардын жана келишпестиктердин алдын алууга тийгизген таасири талкууланды. 
ОБСЕ тарабынан уюштурулган иш-чарага улуттук азчылыктар боюнча эл аралык эксперттер, ОБСЕге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулары катышты. 

Конференцияда алкагында катышуучулар аярлуу топторго кирген аялдар туш болгон негизги тоскоолдуктарды талкуулашты. Алсак, билим алууга жеткиликтүүлүктүн  чектелиши, тилдик жана маданий тоскоолдуктар, гендердик стереотиптер жана мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү чечимдерди кабыл алууда аялдардын жетишсиз катышуусу туурасында айтылды.

 

Жыйынга катышкан КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкери Умаржан Курманжан кызы  өз сөзүндө, институттун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири - улуттук азчылыктарга таандык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо экенин белгиледи.

Ошону менен катары эле, ал Акыйкатчы Институту тең укуктуулук, дискриминацияга жол бербөө, адилетүүлүк жана адамдын ар-намысын урматтоо принциптеринин сакталышын камсыздоо багытында иш алып барып жатканын кошумчалады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар пикир алышып, ОБСЕге мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдеп, мындан ары да кызматташтыкты улантуу максатында кесиптик байланыштарды түзүштү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында бул багытта учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен жаңы ыкмаларды колдонуу сунушталды.