Эл аралык миссия Акыйкатчы Институтунун потенциалын баалоону улантуу үчүн Бишкекке келди

10/06/2025 - 15:19

Эл аралык миссия КРнын Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмен) потенциалын баалоо ишин улантуу үчүн Бишкек шаарына келди. 

Буга чейин институттун дараметин балоонун биринчи этабы өтүп, анда миссия  онлайн форматта институттун жетекчилиги жана кызматкерлери менен баарлашкан. 
Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен да онлайн маектешүү уюштурулган. 

Эл аралык миссиянын курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын  башкармалыгы (УВКПЧ) Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген Улуттук укук коргоо институттарынын Азия-Тынч океан форумунун өкүлдөрү кирген. 

Миссия иш сапарынын алгачкы күнү Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана анын орун басарлары менен маектешти.  

Эки жуманын ичинде атайын комиссиянын мүчөлөрү ар бир кызматкер менен интервью жүргүзүп, баарлашууларды уюштурат жана кызматкерлердин ишинде кездешип жаткан жаңы чакырыктарды талкуулашат. 

Мындан тышкары, институттун потенциалын жогорулатууга багытталган пландар жана чаралар каралып, сунуштар берилет. 

“Биз кызматкерлерди гана эмес, институт иш алып барган мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүүнү максат кылып жатабыз.  Жуманын аягында кызматкерлерден ички муктаждыктарды жана учурдагы кыйынчылыктарды жакшыраак түшүнүү үчүн анонимдүү сурамжылоолорду жүргүзөбүз. Иш сапарыбыздын соңунда сурамжылоолордун, байкоолордун интервьюлардын жыйынтыктары жана институттун андан ары өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштар камтылган жыйынтык берилет”, - деп белгиледи миссиянын жетекчиси жана Азия-Тынч океан форумунун эл аралык эксперти Росслин Нуннан. 

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Акыйкатчы Институтунун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө, тактап айтканда Ош жана Нарын облустарына барат. 
Потенциалды баалоо иши институттун ыйгарым укуктарын жогорулатууга жана “А” статусун алууга негиз болуп саналат.
2008-жылдан бери төмөнкү өлкөлөрдүн адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлдөрү жана омбудсмендери ишмердигине баалоо жүргүзгөн: Малайзия, Мальдив аралдары, Иордания, Таиланд, Монголия, Шри-Ланка, Австралия, Жаңы Зеландия, Филиппин, Непал, Бангладеш, Самоа, Индонезия, Оман, Бахрейн, Пакистан, Мьянма жана Индия.

Борбор Азияда Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстандын омбудсмендери өз мекемелеринин потенциалын баалоо иштерин өткөрүшкөн.

Белгилей кетсек, “А” макамы Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгү толук бойдон Париж принциптерине жооп берерин ырастайт жана Эл аралык адам укуктары боюнча кеңештин бардык жыйналыштарына катышып, билдирүүлөрдү жасоо укугун берет.