"Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору" КР Акыйкатчы Институтуна “Ченемдик-укуктук актылар жыйнагын” тапшырды.

01/10/2020 - 16:42

Бүгүн, 2020-жылдын 1-октябрында «Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору Акыйкатчынын ишмердигин жөнгө салуучу “Ченемдик-укуктук актылар жыйнагын” тапшырды.  Китепти аталган борбордун жетекчиси Акылбек Ташбулатов тапшырды. Бул басылманы чыгаруу Акыйкатчы аппаратына техникалык көмөк көрсөтүүнүн алкагында жарык көргөн. 

Токон Мамытов Акылбек Ташбулатовго бул көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул басылма Акыйкатчы аппаратынын ар бир кызматкерии үчүн пайдалуу болуп, алардын күн сайын жумушунда кереги тиерине ишеним билдирди.