“Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна техникалык жардам көрсөттү

10/09/2020 - 18:49

Бүгүн, 2020-жылдын 10-сентябрында, Акыйкатчынын кеңсесинде Акыйкатчы институтуна жеке коргонуу шаймандарын, коргоочу костюмдарды, дене табын аралыктан өлчөөчү аппараттарды жана кеңсеге керектүү ак кагаздарды өткөрүп берүү болуп өттү.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Акылбек Ташбулатовго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун айтымында, дене табын аралыктан өлчөөчү аппараттар Акыйкатчынын аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таратылат. Ал эми коргоочу костюмдар КР Акыйкатчысынын кызматкерлери жабык мекемелерге барганда зарыл болот.

“Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору” коомдук фондунун директору Акылбек Ташбулатовдун айтымында, алар Акыйкатчынын ишин жөнгө салуучу ички документтерин которууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйнагын мамлекеттик жана расмий тилдерде басып чыгарууга да көмөктөшөт.