Эл аралык адам укуктары күнү Баткенде иш чара өткөрүлдү

11/12/2020 - 10:03

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде иш чара өткөрдү.

Иш чарага Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана  Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Баткен облусундагы өкүлү катышты. Акыйкатчынын өкүлчүлүгү тарабынан окуучуларга Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана адам укуктары тууралуу маалымат берилди. Окуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Иш чаранын жүрүшүндө окуучулардын жана окутуучулардын арасында мини конкурс  уюштуруп, 3 катышуучуну ордунда тандап алды.

Окуучуларга таркатма материалдар берилди. Бул иш чара КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкагында ишке ашты.