ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин өкүлдөрү менен жолугушуу

27/11/2020 - 13:17

Бүгүн, 2020-жылдын 27-ноябрында КР Акыйкатчысынын офисинде КР Омбудсмени Токон Мамытов ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө КР  Акыйкатчысы жана аппарат жетекчи  А. Азарбеков башкы укук коргоо органынын ишинин негизги багыттары тууралуу айтып өтүштү.

Мындан тышкары, тараптар мындан ары кызматташуунун жолдорун талкуулашты, атап айтканда, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 72 жылдыгына карата  КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган бир айлыктын жүрүшү тууралуу сөз болду.  Белгилеп коюу керек, бир айлыктын айрым иш чаралары ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин финансылык колдоосунда өткөрүлүүдө.  Акыйкатчы ошондой эле бул бир айлыктын иш чараларына активдүү катышкандар Акыйкатчынын ведомстволук  сыйлыктары менен сыйланаарын белгиледи.

Жолугушуунун аягында Акыйкатчы Токон Мамытов ЕККУ өкүлдөрүн адам укуктарын коргоого кошкон өзгөчө салымдары жана КР Акыйкатчы аппараты менен тыгыз кызматташканы үчүн жана 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Акыйкатчынын Ардак грамоталары менен ЕККУ өкүлдөрүн: Укуктук реформа боюнча улуттук кеңешчи - Бермет Акимканова, Укук үстөмдүгү боюнча кеңешчи  Николас Мазик, Адам укуктары боюнча улуттук кеңешчи Инабат Рахманова жана Долбоорлор боюнча кеңешчи  Эуджения Пеши  сыйланышты.