Эгер кайрылмандардын өтүнүчтөрү өз убагында каралганда, Акыйкатчы аппаратына кайрылуу түшмөк эмес

19/03/2021 - 16:30

КР Акыйкатчысынын Басма сөз кызматынан берилген маалыматтын негизинде “24. kg” маалымат агенттиги 2021-жылы 18-мартта “Кайрылманы не могут получить паспорта из-за бездействия сотрудников ГРС”

 (https://24.kg/obschestvo/186855_kayryilmanyi_nemogut_poluchit_pasporta_iz-za_bezdeystviya_sotrudnikov_grs/) аталыштагы материал жарыялашкан.

Бул жарыялоого жооп иретинде 2021-жылдын 19-мартында мамлекеттик каттоо кызматы кайрылмандардын өтүнүчтөрү өз убагында каралган деген мааниде “В ГРС утверждают, что ходатайство кайрылманов о гражданстве рассмотрели вовремя” https://24.kg/obschestvo/186992_vgrs_utverjdayut_chto_hodataystvo_kayryilmanov_ograjdanstve_rassmotreli_vovremya/ маалымат тараткан.

МКК маалымдагандай, эгер  жубайлар Ш. Б. жана  Н. А. өтүнүчтөрү өз убагында карлган болсо, анда алар Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө эмне себептен кайрылышмак эле. Алардын документтери да 9 (!) айдан кийин артка кайтарылмак эмес.

Азыркы учурда Акыйкатчы аппаратында КР Акыйкатчысы тарабынан жөнөтүлгөн Көңүл буруу актысына жооп күтүп жатат. Акыйкатчы аппаратынын андан аркы аракети келген жоопко жараша уланат.

Аталган маселе КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн жана КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.