Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү: жабык мекемелерде добуш берүү укугунун сакталышы
Бүгүн, 27-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мониторинг жүргүзүүдө. Айрыкча, жабык мекемелерде шайлоо укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурушууда.
2021-жылдын 27-ноябрында КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков Бишкектеги №1121 УШКда болуп, кыймылы чектелүү жарандар үчүн добуш берүүнүн уюштурулушу, ТИЗОдо шайлоо укуктарын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Мониторингдин жүрүшүндө А.Азарбеков УШК төрагасы менен комиссиянын шайлоочулар менен иштөөгө даярдыгын талкуулады, ЕККУнун байкоочулары Паппалардо Алессия, Дмитрий Ларионов менен баарлашты.
УШК төрагасынын айтымында, №1 ТИЗОдон тизме боюнча 140 арыз (арыз) келип түшкөн. Тийиштүү документтер текшерилгенден кийин 123 шайлоочунун гана биометрикалык маалыматтары бар экени белгилүү болгон. Кийинчерээк алардын айрымдары бошотулган, же жаза өтөө үчүн башка колонияларга которулган. Жыйынтыгында, бүгүн 27-ноябрда добуш берүү күнү 100 шайлоочу добуш берип, 6 бюллетень артка кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери саат 9.00дөн 10.50гө чейин Жалал-Абад УКЖда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүштү. Добуш берүүгө ШИИБнын жетекчилик курамы да катышты жана эң негизгиси, көптөгөн жарандык байкоочулар болду. Тилекке каршы, УКЖда отургандар депутаттыкка талапкерлер тууралуу маалыматтары жок, башкача айтканда жабык мекемелерде үгүт иштери болгон эмес. Милиция кызматкерлери үгүт иштерин жүргүзө алышкан эмес, анткени алар мамлекеттик кызматкерлер жана алар үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.