Cвердлов РИИБ спецназ кызматкерлери 15 жаштагы өспүрүм баланын башына автомат такап, колун байлап, жерге жаткырып туруп үстүнө отурушкан

04/07/2019 - 12:54

Акыйкатчынын орун басары Гулнара Жамгырчиевага 2003-жылы туулган өспүрүм бала Александр Писанконун конституциялык укугун коргоп берүүнү суранып анын жактоочусу Юлия Богданова кайрылды. Александр Писанко ШИИБ тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан мурунку аялы Еленаны (өзүн-өзү өлтүрүү) өлтүрдү жана баңги-заттарын сактап жүрөт деген шек менен кармалып суралган Владимир Писанконун уулу (бул адам боюнча Акыйкатчы аппаратынын маалымат-кызматы 2019-жылдын 17-июнунда маалымат чыгарган. Бул жерден окусаңыз болот).

Ю. Богданова жана А. Писанко маалым кылгандай, 2019-жылдын 20-майында ( тактап айтканда жашы жетиле элек Александрдын атасын кармаган күнү) Бишкек ш. Свердлов РИИБ тергөө кызматынын милиция кызматкерлери саат таңкы 7де Владимир Писанко уулу менен жашап жаткан үйгө кирип келишкен. Он беш жаштагы Александр иттин үргөнүнөн ойгонуп, короого чыгыйын деп эшикти ачып эле беткапчан спезнацдарга туш келген. Алар анын башына автомат такап, желим (пластик) аркан менен колун байлап, бетин жерге каратып жаткырышкан. Андан кийин спезнацдын бирөөсү баланын белине отуруп колун аркага байлаган. Ал спезнац баланы ныгыра отурган, ал эми атасынын үстүнө үч спецназ отурган. Үйдү тинтүү учурунда Александрды короого алып чыгып, жарандык формадагы (милиция кызматкерлери көрүнөт) адамдарга тапшырышкан.

Владимир Писанконун үйүнө басып кирип тинтүү жүргүзгөн фактыны акташ үчүн, Владимир Писанконун үйүн тинтүүгө тергөөчү Т.Т. Качаганов 2019-жылдын 6-февралынан баштап эки айдын ичинде күчүнө ээ боло турган санкциясын сотко берип койгон. Бирок Бишкек ш. ШИИБ тергөө кызматкерлеринин тергөөчүлөрү жана спецназдары үйгө кирип барып тинтүүнү аталган санкцияга прокурор тарабынан кол коюлгандан 3, 5 ай өткөндөн кийин кылышкан. Тагыраак айтканда, бир жарым айдан бери бул санкция легитимсиз болгон, бирок бул тергөөчүнү да, атайын ыкчам кызмат көрсөтүү курамдын жетекчилигин да ойлондурган эмес.

Тинтүүдөн кийин (2019-ж 20-июнда) бул үй-бүлөнүн жактоочусу Юлия Богданова Бишкек шаарынын прокуратурасына кайрылганда, ал жактан “тинтүү мыйзам чегинде жүргүзүлгөн...” деген жооп келген.

Ошондой эле Т.Т. Качаганов шектелип жаткан Владимир Писанконун “жаздыгынын алдынан табылган” полиэтилен баштыгынан В. Писанконун манжасынын изи калганын аныкташ үчүн дактилоскопиялык экспертизадан өткөрүү боюнча Ю.Богдановаганын сунушунан баш тартып койгон.

Бул жагынан алганда Ю. Богданова Бишкек ш. ШИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.Т. Качаганов жана спецназ кызматкерлери В. Писанко карата гана эмес, анын өспүрүм уулу Александрга (жеке коопсуздугуна жана укугунун сакталышына) карата жасаган чаралары мыйзамсыз деп эсептейт.

Бул үй-бүлөнүн жактоочусу Юлия Богданованын жана 15-жаштагы Александрдын айткан жүйөөлөрүн жана фактыларын эске алып, Акыйкатчынын орун басары Гулнара Жамгырчиева милдеттүү түрдө, обьективдүү жана артка жылдырбастан изилдөө жүргүзүү керектигин белгилеп, КР Башкы Прокуратурана, ИИМ тийиштүү катын жөнөттү.

 Учурда Александр Писанко чоң энесинин колунда кароодо.