Чүй облусунун Москва районундагы «Садовое» айылында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары орун алганы аныкталды

16/04/2019 - 10:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына Чүй облусунун Москва районунун "Садовое" айылынын тургундары кайрылышып, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу тийиштүү органдарга маалымат жеткирүүгө жана  "Садовое"айылында жерлерди пайдалануу мыйзамдарын жергиликтүү бийлик тарабынан сакталышын текшерүү максатында ведомстволор аралык Өкмөттүк комиссия түзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылышкан. 

Арыз ээлери өз даттанууларында Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Дөөлөткулов, Садовое айылдык кеңешинин төрага орун басары А.К.Асадовдун, Москва районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын башчысы Р.Р. Ибраимовдун жана Москва райондук администрация башчысы А.Э.Эсенбековдун аракетине даттанышкан. 

Мурда ушул маселе боюнча Акыйкатчы аппараты тарабынан тийиштүү кайрылуулар КР Президентинин наамына, КР Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарынын жөнөтүлгөн, анда ведомстволор аралык комиссия түзүү суралган. Жарандардын кайрылууларынын негизинде КР Өкмөтүнүн Чүхй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ведомстволор аралык комиссия облустук деңгээлде түзүлгөн. бирок комиссиянын ишинин натыйжасы менен "Садовое" айылынын тургундары макул эмес.  

Комиссия аты аталган бийлик өкүлдөрү тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды тастыктаганына карабастан, тургундардын маселелери азыркыга чейин чечилбей келүүдө.  Атап айтканда, бир катар жарандардын короо жанындагы участокторуЖерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы тарабынан башка жаранга мыйзамсыз бекитилген.  Анан калса, прокуратура органдары жер участогунун 1,07 га жер башка Б.А. аттуу башка адамга бекитип берген кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу болгонун  таанышат, бирок  доо мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.  

Ушуга байланыштуу КР Акыйкатчы Аппараты бул маселени кылдат карап чыгып жана  арыз ээлеринин жүйөөлөрүн текшерип чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин наамына кайрылуу жолдошуп, ведомстволор аралык жаңы комиссия түзүү жана анын курамына  КР Өкмөтүнүн, макулдашуу боюнча КР ЖК депутаттарынан жана КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түзүүнү сунуштадлы, ал комиссия Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрө ала турган комиссия түзүлүүсүн суранган. 

Эгер ушундай өкмөттүк ведомстволор аралык комиссия түзүлсө, Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын тиешелүү кызматкерлери да бул комиссиянын курамында анын ишине жигердүү катышууга даяр экенин билдиришти.