Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун сактоого байланыштуу маселе КР Акыйкатчысынын дайымкы көзөмөлүндө

21/11/2019 - 15:35

Ушул жылдын 18-октябрында  интернет тармагындагы массалык маалымат каражаттары  В. Чупик аттуу эмгек мигранттарынын жактоочусуна таянып, Москва ш. полиция бөлүмү  Кыргызстандын эки жаранын мыйзамсыз кармап жатканын жазышкан. Атап айтканда, В. Чупик 16-октябрда саат 11-00 чамасында, Новокоскино мамтейлөө борборунун чыга беришинде Кыргызстандын жарандары Урамчин уулу Акжол ( 1993-жылы туулган) жана Нуриза Жэналиева (1995-жылы тулган) кармалган.  Аларды Новокоскинонуну ички иштер  бөлүмүнө алып барышып, азыркыга чейин кармап турушат,-деп маалымат тараткан.

Биздин жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын ыкчам  жана толук  кандуу коргоо максатында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Н. Москальковага биздин жарандардын камакта жаткан себебин билүү маселесине көмөк көрсөтүүсүн жана алардын укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Акыйкатчы мындан тышкары,  москвалык полиция тарабынан  кыргызстандыктардын укугун бузуу фактылары тастыкталган болсо, аларды жоопкерчиликке тартуу маселесине көңүл бурган. 

Азыркы тапта бул иш боюнча тийиштүү териштирүүлөр жүрүп жатат. Кошумча маалыматтар россиялык кесиптешибизден  жооп келгенден  кийин билдирилет.