БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасындагы абалга жакындан байкоо салып турат

07/10/2020 - 11:45

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасындагы абалга жакындан байкоо салып турат. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин орун алган протесттерден улам бир адам каза табып, жүздөн ашуун адам жаракат алганы кабарланууда.

Баш катчы адам өмүрү үзүлгөн учур боюнча кайгыруу билдирет жана бардык тараптарды болушунча токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырат.

Баш катчы бардык тийиштүү тараптарды диалогго катышып, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу багыты боюнча мунасага келүүгө чакырат. Бириккен Улуттар Уюму учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгуу боюнча бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде БУУнун Борбор Азиядагы превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору аркылуу, даяр турат.

БУУнун Баш катчысынын пресс-секретары Стефан Дюжаррик

Нью-Йорк, 2020-жылдын 6-октябры