Б.Темиров менен Б.Назаровго карата козголгон кылмыш иши КР Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө

31/01/2022 - 10:55

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты тарабынан Болот Темиров менен Болот Назаровдун кылмыш ишин тергөөгө карата өз убагында жана тийиштүү иштер жүргүзүлдү. Тактап айтканда, аппараттын кызматкерлери тарабынан ички иштер органдары тарабынан КР Жазык кодексинин 287-беренесинин2-бөлүгүнүн 1-пункту менен айыпталып жаткан Болот Назаровду камакка алуу учурунда кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин болбошу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Б.Назаровго барганда камакта кармоонун шарттарына эч кандай дооматы жок экенин, ага өзү тандап алган жактоочу тез арада берилгенин айтты. Ошол эле учурда Б.Назаров ага баңгизат “ыргытып”коюшканы тууралуу жазуу жүзүндө арыз жазган.

Ички иштер органдары тарабынан Б.Назаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн  Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы А.Исаева тарабынан каралып, аларды мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал эми “Temirov Live” редакциясынын интернет мейкиндигинде тартылган видеосу боюнча Акыйкатчы институту төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесине ылайык, “Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет”.

Негизги мыйзамдын 55-беренесинде “Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет” деп айтылат. 

БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна өзүм билемдик жана мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө эрежелерди камтыйт, ошондой эле турак-жайдын кол тийбестигине ээнбаштык менен же мыйзамсыз кол салуудан, кат алышуунун купуялуулугунан, адамдын жана жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына мыйзамсыз кол салуулардан коргойт. Бул эл аралык акт ар бир адамга мындай кийлигишүүдөн жана кол салуудан укуктук коргоого укук берет.

 КР Акыйкатчы институтунун пикири боюнча, “Темиров Live” редакциясынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу маалымат тараткан белгисиз адамдардын аракеттери КР Жазык кодексинин 190-беренесинде (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) каралган кылмыш аракеттери катары каралат.

Мыйзамсыз аракеттерге жана Кыргызстандын жарандарынын жеке жашоосуна кийлигишүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тергөө иштерин жүргүзүү жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде белгиленген  жоопкерчиликке тартуу ошондой эле Б.Темировго жана Б.Назаровго козголгон кылмыш иштерин тергөөнү көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын көзөмөлүндө.