Борбордук Азиядагы эл аралык абак реформасы (PRI) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кеңсесине техникалык жардам көрсөттү

24/08/2020 - 10:41

2020-жылдын 21-августунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кеңсесинде ”Европа биримдиги” тарабынан каржыланган, “Кыргызстанда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамилеге же жазага каршы күрөштө мамлекеттин жана жарандык коомдун аракеттерин колдоо” PRI долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтуна техникалык жардам өткөрүп берилди.

Тактап айтканда, Борбордук Азиядагы эл аралык абак реформасы (PRI) өкмөттүк эмес уюмунун директору Анел Тлеукеш кең экрандуу телевизор, компьютер, вебкамера жана микрофон, ошондой эле ишке керектүү китептерди белекке берди. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун айтымында, пандемия шартында көпчүлүк иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлөт, донор тарабынан берилген кеңсе жабдуулары жергиликтүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишенимдүү онлайн байланышты камсыз кылат. Алынган адабияттар Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери үчүн гана пайдалуу болбостон, аларды кеңсеге келгендер, студенттер жана ыктыярчылар колдоно алышат.

Маалымат үчүн: Эл аралык абак реформасы (PRI) дүйнө жүзү боюнча жазык сот адилеттигинин көйгөйлөрүн чечүү боюнча калыс, натыйжалуу жана пропорциялуу сунуштарды иштеп чыккан жана жайылткан көзкарандысыз өкмөттүк эмес уюм.