Болочок юристтерге адам укуктары тууралуу айтып беришти

24/11/2020 - 19:10

2020-жылдын 23-ноябрында КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында иш чара өткөрүштү.

Жолугушууга болочоктогу юристтер - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын  түштүк филиалынын студенттеринин тобу катышты.  Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жолугушууга аз сандагы студенттер катышты. Аларга адам укуктары жана эркиндиктери, Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана  КР Акыйкатчы Институтунун адам укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.