Бишкектин Октябрь райондук сотунда 8 ай ичинде белгиленген 25 сот отурумунан 6 гана жолу отурум өткөрүлгөн

23/11/2019 - 15:04

КР Акыйкатчысы Токон Мамытовго З.М. аттуу жаран кайрылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту  З.М. өзү кылмыш ишине жоопкер болуп өтүп жаткан сот процессин создуктуруп жатканына нааразы болуп кайрылган.

Аталган кайрылууну иликтей келгенде маалым болгондой, сот процесстин өзү  2019-жылдын 19-февралында башталган. Кийинки отурумдар, 26.02.2019 ж., прокурордун жоктугуна байланыштуу, андан аркы төрт отурум (28.02.2019-ж., 04.03.2019-ж., 14.03.2019-ж. и 26.03.2019-ж.) күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу, ал эми 8-апрелге белгиленип башка күнгө жылдырылган отурум дагы прокурордун жоктугуна байланыштуу болбой калган.

2019-жылдын 11-апрелинде болгон отурумда эки күбө-Ч-ва жана Ж-в суралган. Кийинки  отурум (15-апрелдеги) прокурордун жоктугуна байланыштуу жылдырылган .  18-апрелде Октябрь райондук  сотунда дагы эки күбөнү- Б-ва жана К-в сурашкан.  А 2-майда өтө турган отурум жактоочу келбей калгандыктан  кийинкиге калтырылган. 13-16-майда болгон сот отурумунан дагы үч күбөнү –О-в, Ч-в жана К-в сурашкан.

Кийинки 17-майда жана 11-июнда боло турчу отурумдар соттун узак убакытка ооруп калгандыгына байланыштуу болгон эмес. Андан кийинки отурумдар  (18.06.2019-ж. жана 09.08.2019-ж.), күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу, ал эми 29-августта кайрадан прокурордун келбей калганынан улам жылдырылган.

 2019-жылдын 5-сентябрында көпкө күткөн сот отуруму болуп, бир күбө-О-в суралган. Бирок адаттагыдай эле андан кийинки сот отурумдар (11.09.2019-ж. жана 23.09.2019-ж.) күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган, а 24-сентябрда кайрадан судья ооруп калган.

3-октябрда болгон отурумда бир күбө-Б-ва суралган. Октябрь райондук  судьясынын көндүм схемасындай  андан кийинки эки отурум (17-18-октябрда) эми прокурор ооруп калып жылдырылган.

Ошентип, 8 ай ичинде (!) 25 жолу белгиленген сот отурумунун ичинен 6 гана сот отуруму өткөрүлгөн. 

 Токон Мамытов  Акыйкатчы аппаратынын сот органдары менен иштөө жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө аталган жаран З.М. ишин көзөмөлгө алып, кийинки соттук отурумдарды мониторинг  жүргүзүүгө тапшырма берди.