Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын №4 шаардык милиция бөлүмүндө кармалган жаран кыйноого алынганын маалымдады

26/01/2022 - 14:28

КР Акыйкатчысынын аппаратына Чүй районунун Кегети айылынын тургуну К.у.К., кайрылып, 2021-жылдын 16-ноябрында Октябрь райондук РИИБнин №4 ШМБнүн кызматкерлери тарабынан негизсиз камакка алынганын билдирген. Милиция кызматкерлери аны Белорусская көчөсүндө жайгашкан милиция бөлүмүнө алып келишип, күч колдонушуп, айрым протоколдорго кол коюуну талап кылып кыйнашкан.

Эртеси бул кызматкерлер мени медициналык күбөлөндүрүүгө №4 шаардык ооруканага алып барышты. Нөөмөтчү дарыгер денемде ур-токмокко алынганын жазып алган, андан кийин мени кайрадан №4 ШМБнө алып барышып, кайрадан эле кыйнап, ур-токмокко алышып, мен кылбаган аракеттерди моюнга алууну талап кылышып, бирөө буюмун уурдады деп күнөөлөштү.  Мен кол коюудан баш тарттым. Ден соолугум кескин начарлап, баш мээм чайкалып калгандыктан, “тез жардам” кызматы эки жолу чакырылып, алар да ур-токмоктун издерин жазышкан. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын №4 ШМБ  кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамсыздыгына карабастан, 2021-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен мага карата камакка алуу жана №1 ТИЗОго камоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Кыйноолордун, уруп-сабоолордун жана ден соолугумдун начарлашынын натыйжасында 2021-жылдын 4-декабрында Совет көчөсүндөгү (Жантөшев көчөсүнө жакын) ооруканага жеткирилдим, ал жерден нөөмөтчү дарыгер менин ден соолугумдун оор абалын жазып алган.

Менин конституциялык укуктарымдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин бир катар ченемдеринин бузулушуна нааразычылык иретинде 2021-жылдын 23-декабрында расмий түрдө ачкачылык жарыяладым», - деп жазылат К.У.К. арызында.

Арыз ээси ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунан Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин №4 ШМБ кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча иликтөө жүргүзүп, аларды жоопкерчиликке тартууну жана өзүнө коюлган мыйзамсыз айыптарды алып салууга жана камактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Бул арызды өз өндүрүшүнө кабыл алып, Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам борборуна, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 2021-жылдын 18-ноябрында “тез жардам” кызматынын баруусу боюнча маалымат берүү (тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле камактагы К.у.К.нын ден соолугунун абалы, аларга көрүлгөн медициналык жардам көрсөтүү чаралары жөнүндө борбордун кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү ж.б.)  үчүн тиешелүү суроо-талап жөнөтүшкөн.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов кол койгон кат Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына жөнөтүлүп, анда «Кыргыз Республикасынын (Омбудсмени) Акыйкатчысы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 3, 8, 10 жана 12-беренелеринин негизинде, №4 ШМБнун кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) аппаратына бул териштирүүнүн натыйжалары мыйзамда белгиленген мөөнөттө маалымат берүү жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында Акыйкатчынын  өкүлдөрү №1 ТИЗОго барышып, анда камактагы К.у.К. менен жеке жолугушуу өткөрүштү, анын жүрүшүндө арыз ээси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына жазган катында көрсөтүлгөн фактыларды тастыктады, ошондой эле бели жана ичи ооруп жатканына даттанып,. №47 түзөтүү колониясына дарыланууга которууга жардам сурады.

Акыйкатчынын  өкүлдөрү №1 ТИЗОнун сантардык бөлүгүнүн жетекчиси менен сүйлөшүп, мүмкүн болсо которууга жардам берүүнү сунушташты.