Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү бир жылдан ашык убакыттан бери дайынсыз жоголгон 2000-жылы туулган кызды издешкен эмес

05/11/2021 - 10:38

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Бишкек шаарынын тургуну  К.Ч. кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызы К.К.З.  2019-жылдын 22-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин, кайда жүргөнү белгисиздигин айткан. Ал буга чейин кызын издөө боюнча Ленин РИИБге, прокуратурага жана УКМКга кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес.

Бул кайрылууга ылайык, Акыйкатчы аппараты тарабынан Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасына суроо-талап жөнөтүлүп, андан райондун прокурору М.Кулжабаев кол койгон жооп алынды. Анда 2020-жылдын 14-октябрында жаран К.Ч. арызы   № 03-001-2020-010XXX менен «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасы катталып, анын кызы К.К.З. дайынсыз жоголгон деп жарыяланган.

Жаран К.Ч.Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тууралуу кайрылуусу боюнча, арыз ээси белгилегендей, бул РИИБнин тергөөчүсү К.Бузурманов анын арызын үстүртөн карап, арыз ээсин суракка алуу менен чектелип, эки күндөн кийин (16.10.2020) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна таянып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуп койгон

Бирок, 2020-жылдын 11-декабрында бул чечим  райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, иш кайрадан РИИБге жөнөтүлүп, тергөө амалдарын жүргүзүү зарылчылыгы көрсөтүлгөн. Тергөө иштерин жүргүзүү кайра эле Ленин РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү К.Бузурмановго тапшырылган. Ал эми жана дайынсыз жоголгон К.К.З. боюнча кошумча материалдарды чогултуу тапшырмасы ыкчам кызматкерлери Т.Төлөбек уулу менен Ч.Кайбалиевге тапшырылган.

Өзүнчө белгилей кетсек, дайынсыз жоголгон К.К.З.га материалдар келип түшкөндөн бери. Ленин РИИБде жогоруда аталган РИИБнин кызматкерлери алар боюнча эч кандай иш жүргүзүшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун Ленин районунун прокуратурасына тиешелүү кайрылуусунан кийин прокуратура тарабынан Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына сунуштама киргизилип, анда Ленин РИИБ тергөөчүсү К.Бузурмановго жана ыкчам кызматкерлери Ч. Кайбалиев жана Т.Төлөбек уулуна тартиптик өндүрүштү козгоо жана тергөөчүнү тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунушу киргизилди.

Мындан тышкары, 2000-жылы туулган К.К.З аттуу жарандын жүргөн жерин тактоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү жана пландуу иштерди уюштуруу боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмө берилди.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө.