Бишкектин Биринчи Май РИИБнин ыйгарым укуктуу опер кызматкерине карата жаңы кылмыш иши козголду, ал мурда 500 АКШ доллар талап кылуу фактысына шектелип кармалган эле
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесине Б.Ю. аттуу жаран (шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча күбө) кызматтык милдеттерин аткарып жатып, аны оройлук менен кемсинтип, денесине залал келтирген Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун милиция кызматкерлеринин аракеттери тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул кайрылууну изилдеп чыккандан кийин, Акыйкатчы институтунун тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен кат жөнөтүшкөн.
Биринчи Май районунун прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы (ИИК) менен биргеликте арызда көрсөтүлгөн жүйөөлөргө текшерүү жүргүзүштү. Бардык чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык -процесстик кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына жөнөтүлдү. Бирок Октябрь райондук прокуратурасы арыздануучуну жана милиционерлерди суракка албастан жана арыз ээсинин далилдерин тастыктаган жок деп болжолдоп, ишти жаап койгон.
Буга байланыштуу Акыйкатчы аппараты тарабынан жаап койгон ишти кайра текшерүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын прокуроруна кат жөнөтүлгөн. Мындай чарадан кийин иш ордунан жыла баштаган.
Тактап айтканда, Б.Юнын ишинин материалдары Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан каралып, баш тартуу боюнча өндүрүштүн мурунку жыйынтыктары жокко чыгарылган жана иш Октябрь районунун прокуроруна жаңы кароого жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында, Октябрь райондук прокуратурасы Б.Ю. аттуу жарандын арызын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 321-беренеси (Бийликтен аша чабуу) боюнча каттаган. Тергөө иштерин КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Б.Ю арызданган Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин М.Ж., аттуу ыйгарым укуктуу опер кызматкери мурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган кызмат абалынан пайдаланып опузалоо беренесинде каралган кылмышка шектелип, 500 АКШ доллар өлчөмүндө акча талап кылган деп шектелип, учурда ал КР УКМКнын тергөө абагында кармалууда.