Бишкектеги семинар зомбулукка дуушар болгон аялдардын укуктарын коргоо боюнча КР Акыйкатчысынын жана башка укук коргоо органдарынын ишмердигине арналды

23/09/2021 - 17:27

Бүгүн, 2021-жылдын 23-сентябрында, Бишкекте (“Бриджес” отели) “Зомбулукка дуушар болгон аялдардын укуктарын коргоо боюнча  КР Акыйкатчысынын жана башка укук коргоо органдарынын ишмердиги” аталыштагы семинар болуп өттү. Семинардын ишине Борбордук аппараттын тармактык бөлүмдөрүнүн жана Акыйкатчынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты. 

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту болтурбоо маселелери, тиешелүү маалыматтарды алуу булактары талкууга алынды. Мындан сырткары, Адам укуктары боюнча улуттук мекемелерди аккредитациялоо жана аларга беделди ыйгаруу боюнча  глобалдык альянсынын критерийлери каралды.Ошондой эле адам укуктары боюнча Париж принциптери жана Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын бедели үйрөнүлдү.

Өзгөчө белгилеп коюучу жагдай, КР Акыйкатчысы жана Кыйноолорго каршы улуттук борбор өзүнүн альтернативдүү баяндамаларын БУУнун комитеттерине, универсалдык мезгилдик серепке жана Атайын баяндамачыларга бере алат.