Бишкекте жактоочуларга катаал мамиленин жана кыйноонун курмандыктарын коргоо өзгөчөлүктөрү жана укуктук механизмдери окутулду

21/06/2019 - 16:14

Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев катаал мамиленин жана кыйноонун курмандыктарын коргоо өзгөчөлүктөрүн жана укуктук механизмдерин окутууну максат кылган, “Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз, кадыр-баркын басмырлаган мамилеге же жазалоого кабылган жарандарды коргоонун өзгөчөлүктөрү жана укуктук механизмдери” аттуу эки күндүк тренингге катышты.

Аталган иш чаранын катышуучулары, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча КР Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет менен кепилденген юридикалык жардам системасынын реестринде бар жактоочулар, ошондой эле эксперт-юристтер жана соттук-психиатриялык жана соттук-медициналык экспертизанын эксперттери болушту.

Акыйкатчынын орун басары өз сөзүндө Акыйкатчы аппараты кыйноолорго каршы иш-аракеттерге көп көңүл бураарын жана ИИБ убактылуу кармоочу жайларында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп тураарын ошондой эле кыйноолор боюнча “115 шыр байланыш” кызматынан жарандардын арыздарын кабыл алып тураарын баса белгиледи.

Мамлекет менен кепилденген юридикалык жардам координация борборунун директору Акжол Калбеков өз кезегинде иш чаранын катышуучуларына мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жогорку стандарттарга жооп бериш үчүн юристтер квалификациясын жогорулатып турууга көңүл буруш керектигин айтты.

Аталган иш чара Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет менен кепилденген юридикалык жардам координация борбору Акыйкатчы аппараты, “Голос Свободы” коомдук фонду, “”Юристы за права человека” коомдук фонду, «Центр защиты общественных интересов» коомдук фонду менен биргеликте демилгелеп, КР ФРГ элчилигин колдоосу менен ишке ашты.