Бишкекте укук коргоочулар КР ЖАКнын ТИЗОлорунун учурдагы техникалык абалы боюнча тегерек стол өткөрүштү

13/12/2021 - 09:30

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун  жигердүү колдоосу менен “Кылым шамы” коомдук фонду Кыргызстандын жазык-аткаруу тутумунун ТИЗОлорунун техникалык абалына мониторингдин (укук коргоочулук көз караштан алганда) жыйынтыгын талкуулаган тегерек стол өткөрдү. Иш-чараны өткөрүүгө техникалык колдоо КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов, Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициясынын координациялык кеңешинин төрагасы Улугбек Азимов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун адистештерилген бөлүмүнүн башчысы Анвар Султанбеков, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков, «Кылым шамы» КФнын негиздөөчүсү  Азиза Абдирасулова, «Кылым шамынын»  аткаруучу директору Гүлшайыр Абдирасулова жана юрист Акынбек Ногоев, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков, КР ЖАК ТИЗОлорунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ж.б. катышты.

Иш-чараны ачып жатып, Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов талкууланып жаткан темага укук коргоочулар арасында да, бийлик органдарында да өзгөчө маани берилиши керектигин баса белгилеп, жыйындын катышуучуларын бул маселени кылдаттык менен кароого чакырып, учурда COVID-19 коронавирустук пандемиясынын шартында КР ТИЗОлорунда жана жабык мекемелеринде жугуштуу оорулардын жайылбашын камсыз кылуу боюнча коопсуздук маселесин көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

«Кылым шамы» КФнын негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова КР ТИЗОнун техникалык абалына жана камсыздоосуна карата мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле, КР КААБнын директору Бакыт Рысбеков жана КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү тематикалык баяндамаларды жасашты.

Иш чаранын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, тиешелүү сунуштар талкууланып, макулдашылды, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын ЖАКна өткөрүлүп берилет.