Бишкекте Шералы Назаркуловду эскерүү зыйнаты болот

07/02/2020 - 11:13

Бүгүн 2020-жылдын 7-февралында КР Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин имаратынын жанында  белгилүү укук коргоочу Шералы Назаркуловду (1950-2002) эскерүү зыйнаты өтөт.

Шералы Назаркулов 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун кошуна өлкөгө берилишине нааразычылык билдирип, саясий ачкачылык жарыялаган. 16-январдан 7-февралга чейин ачкачылык кармап, саясий ачкачылыктын курмандыгы болгон. Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын ысымы Бишкектеги мектептердин бирине ыйгарылган.  

Эскерүү зыйнатына Шералы Назаркуловдун үй-бүлөсү, анын жакындары,  укук коргоочулар жана бардык каалоочулар чакырылат.

Эскерүү зыйнаты 2020-жылдын 7-февралында саат 10-30да  Киев көчөсү 96  дарегинде (КР Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин имараты) башталат.