Бишкекте КР Акыйкатчы аппаратынын колдоосунда «Кыргызстанды табигый кырсыктардан, жаратылыш коркунучтарынан жана чыр-чатактардан кантип биргелешип алдын-алса болот?»деген темада эксперттик форум болуп өттү
Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана “Бир дүйнө-Кыргызстан” бейөкмөт уюму «Кыргызстанды табигый кырсыктардан, жаратылыш коркунучтарынан жана чыр-чатактардан кантип биргелешип алдын-алса болот?»деген темада эксперттик форум өткөрүштү.
Аталган иш-чаранын ачылышында КР Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстандын аймактарында жана региондорунда экологиялык жактан начар жана кооптуу жерлерде жарандардын жыш жашашы жана кырдаалды жакшыртуу менен байланышкан маселелер боюнча калк арасында, жарандык коом менен бийлик органдары ортосунда ойлонуштурулган жана ырааттуу өз ара аракеттенүү зарылдыгын белгиледи.
Андан тышкары Акыйкатчы белгилегендей, жарандык коомчулук (КЭУ) жана өлкөнүн тиешелүү профилдик министрликтери менен ведомстволору тарабынан өткөрүлгөн, Кыргызстандын калкынын жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүнө тиешелүү изилдөөлөрдүн профессионалдуу биригүүсү алдында жакшы жыйынтыктарга жетсе болот, анын ичинде – бул же тигил маселенин маанисин жана көлөмүн эле ачып бербестен, аны чечүүнүн оптималдуу жолдорун дагы сунуштап, бардык тарабынан каралып чыккан жана ойлонулган документти КР Өкмөтүнө киргизсе болот.
-Эгерде биз бул изилдөөлөрдү саясий боёгу жок, сабаттуу кылып бириктирип жана тизмектей алсак, КР Өкмөтүнүн столуна олуттуу иликтөөнү койсок, көздөгөн максатыбызга жеткен болобуз,-деди өз сөзүндө КР Акыйкатчысы.
Форумдун ишине мамлекеттик профилдүү министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле «Энсан-Диамонд» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү, «Альтернатива», «Школа миротворчества и медиатехнологий» борборлору, «Алга», «Национальная сеть мониторинга и оценки» коомдук бирикмелери ж.б. катышышты.
Талкуунун жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында “Алдын-ала сереп” долбоорунун алкагында БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча КР ыктыярлуу улуттук серептин түзүлүшүнө колдонулуп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын карап чыгышты.