Бишкекте беш кодекске кирген жаңылыктар талкууланып жатат

29/03/2019 - 11:31

Бүгүн, 29-мартта, Бишкектеги “Орион” отелинин “Ак-Сай”конференц-залында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери үчүн соттук-укуктук  реформа маселелери боюнча семинар өтүп жатат.

Семинарда 2019-жылдан күчүнө кирген Жазык кодекси, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Бузуулар жөнүндө  жана Жоруктар жөнүндө кодекстериндеги жаңылыктар тууралуу сөз болот.   

Чогулгандардын алдында кириш сөзү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Мамытов,  КР Президентинин алдындагы соттук-укуктук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Гулмира Маматкеримова, «Сорос-Кыргызстан»  фондунун укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаевалар чыгып сүйлөштү. Семинардын иши уланып жатат. Семинар "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосунда өтүп жатат.