Бишкекте белгилүү журналист Алишер Саиповду эскерүү иш-чарасы өттү

24/10/2022 - 12:55

Бүгүн 24-октябрда Бишкекте мындан 15 жыл мурун киши колдуу болуп каза болгон белгилүү журналист Алишер Саиповду эскерүү иш чарасы өттү. Ага маркумдун жакын туугандары, журналисттер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты.

Жыйында сөз алган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова журналисттин сырдуу өлүмү тууралуу материалдарды чогултуп жатканын билдирип, “Жылдар өтүп, бийлик алмашып жатат. Бирок бул иш дагы эле ачылбай келет. Качан биз эскиче “боло берет” же бюрократия, же өз кызматын жоготкондон коркуп, жетекчисинин мыйзамсыз талаптарын аткарган орто деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерден арылабыз, ошондо гана кыңыр иш ачылат деп ойлойм. Мамлекеттик кызматта реалдуу реформалар жүрмөйүнчө эч нерсе өзгөрбөйт. Ага чейин акыйкаттык орнобойт, адилеттик менен чындык ийилип калат”-деди.

Алишер Саиповдун апасы уулунун ишин иликтөөгө чекит коюп берүүнү президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда өтүнүп, аны эскерүү иш-чарасына катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Жолдубаевге тапшырды. Маркум журналист Алишер Саипов адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу курч материалдарды даярдап, аты чыккан. Ал 2005-жылы Кыргызстанда болгон бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди чагылдырып турган. Журналистти 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарында атып кеткен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.

Анын өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы кылмыш иши кайра жанданып, 2022-жылдын августунда кайра токтотулду. Башкы прокуратура кылмыш иши “айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу” токтогонун билдирген.