Бишкекте «Балдар иштери боюнча комиссиянын жана менчиктин бардык формасындагы интернат тибиндеги балдар мекемелеринин ишмердигине мониторинг жүргүзүү» деген аталыштагы семинар өтүп жатат

27/03/2019 - 11:33

Бул иш чара КР Акыйкатчы Институтунун жетекчилиги тарабынан КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери үчүн “Кыргызстанда кыйноолорго жана таш боор жана башка адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого каршы күрөштө мамлекеттин аракетин колдоо” долбоорунун алкактарында уюштурулган. Иш чараны уюштурууга ошондой эле  “Балдар укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчилиги жана Эл аралык абак реформасы (PRI) уюмунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү, ошондой эле Евробирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жана көмөк көрсөтүүсүндө өттү.  

Семинарды ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө Акыйкатчы Токон Мамытов Балдар иштери боюнча комиссиялардын балдар укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелериндеги өзгөчө ролун белгилеп, КР Акыйкатчы Аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлеринин аталган Комиссия менен өз ара кызматташуусусунун зарылдыгына токтолду.  

– Балдар иштери боюнча комиссия өз отурумдарында өзгөчө көйгөйлөрдү – оор турмуштук кырдаалда калган балдардын, ошондой эле зомбулукка же катаал мамилеге дуушар болгондордун иштерин карайт. Ошол себептен Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү бул иштерге көңүл коюу менен сезимтал мамиле жасашы керек жана Балдар иштери боюнча комиссиянын ишмердигине  үзгүлтүксүз мониторинг  жүргүзүүгө тийиш. Республикабыздын келечеги болгон жаш балдардын укуктарынын сакталышына жана коопсуздугун камсыздоого байланышкан жөнөкөй эмес кырдаалды жакшыртууга шарт түзөт. Мындан сырткары, Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жана Кыргызстандын тийиштүү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан Балдар иштери боюнча комиссиянын иштерине көзөмөлдүктүн жүргүзүлүшү балдар үйлөрүнө жана интернаттарга жөнөтүлүүчү балдардын санын азайтып, балдар арасында мүмкүн болуучу укук бузуулардын санын азайтууга багытталган натыйжалуу профилактикалык иш чараларды жүргүзүүнү шарттайт.

Өз кезегинде, “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” КФ эксперти Анна Палий, Балдар иштери боюнча комиссиялардын ишине акцентти кайра кароо зарылдыгын, башкы басым баланы үй-бүлөдөн ажыратууну болтурбоого багытталышы керектигин билдирди. 

– Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү социалдык кызматтарды көрсөтүүдө жана стратегиялык пландоодо, аларга чындыгында муктаждыгы бар, оор турмуштук кырдаалга туш болгон  үй-бүлөлөргө жана балдарга багытталуусу абзел. Мындай мамиле балдарды үй-бүлөсүнөн алып коюп,  аларды интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырууларды болтурбайт.

Ошондой эле, семинардын катышуучулары тарабынан Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бардык чечимдери биринчи кезекте, үй-бүлөнүн жана баланын өзүнүн абалын жакшыртууга багытталышы керек деген пикир бир добуштан айтылды.