Бишкекте Адам укуктарынын күнүнө карата иш-чара өтүп жатат
10/12/2019 - 15:07
Бүгүн Бишкекте Адам укуктарынын күнүнө арналган иш-чара өтүүдө. #humanrightsday
Иш-чаранын башкы максаты- Кыргызстан эл аралык адам укуктарынын чөйрөсүндө аны сактап жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө аракеттер көрүлүп жатканын тастыктоо, өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн алкагында бардык адамдардын жана жарандардын, анын ичинен өзгөчө инклюзивдик коомдун укугу кысымга алынбашы үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын белгилөө болуп саналат.
Катышуучулар:Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, КР Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы институтунун, Адам укуктары боюнча улуттук институттардын, жарандык коомдун жана КР БУУ түзүмүнүн өкүлдөрү.