Бишкекте Адам укуктарын коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү

10/12/2020 - 12:49

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту БУУнун  Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын жана ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосунда салатанаттуу жыйын өткөрдү. Иш чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 72 жылдыгына жана 10-декабрь-Адам укуктары күнүнө карата өткөрүлдү. Жыйын “Орион” отелинин конференц-залында өттү.

Жыйынга КР Президенттик аппаратынын өкүлү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү, укук коргоо жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Акыйкатчынын республиканын ар кайсы  аймактарындагы коомдук башталыштагы өкүлдөрү, РФ субьектилериндеги Акыйкатчынын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана КР Акыйкатчысы тарабынан уюштурулган республикалык конкурстардын жеңүүчүлөрү катышты.

Иш чаранын негизги максаты 2020-жылдын 10-ноябрынан 10-декабрга чейин жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын жыйынтыгын чыгаруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн сыйлоо болду.  Ошондой эле КР Акыйкатчысы тарабынан уюштурулган конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйлоо аземи болду.

Иш чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөзү менен КР Президенттик аппаратынын өкүлү С.Тажиматов, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева жана А.Юсуров КР Акыйкатчысынын РФ Урал Федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Белеков жана Акыйкатчынын Москва шаары жана Москва облусу боюнча кеңешчиси Улан Кошматов чыгып сүйлөштү.