Бишкекте “Адам укуктары боюнча кубок” дебаттык турнири өттү

12/12/2021 - 09:46

2021-жылдын 12-декабрында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу жана жардамы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы кеңсеси, Акыйкатчы институту менен биргеликте  Социалдык активдүүлүк мектеби Эл аралык адам укуктарынын күнүнө карата “Адам укуктары боюнча кубок” дебаттык турнири өткөрүлдү. Бул интеллектуалдык таймашка Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун дебат клубдарынан 44 команда жана эл аралык 2 команда (Казакстан, Тажикстан) катышты.

Турнирдин темасы Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын көйгөйлөрүнө арналды. Ачылыш аземине: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин Маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси Вероника Элкинс жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин укуктук реформа боюнча улуттук кеңешчиси Бермет Акимканова катышты.

Мелдештин жана кызуу талаш-тартыштардын жүрүшүндө Адилет Токтогулов менен Шамил Кубулбеков турнирдин жеңүүчүлөрү болушту. Турнирдин мыкты спикери деп Самат Анарбеков таанылды. Тахмина Абакирова эң мыкты судья болду.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты бул сынактын жеңүүчүлөрүн жана бардык катышуучуларын куттуктайт!