Бишкекте адам укуктары-2019 күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык укук жаатында бекитилген негизги тогуз келишимдин сегизине, андан тышкары кошумча протоколдорго ыктап иш кылганын, ошондой эле келишим түзгөн БУУ органдары менен тыгыз кызматташтыгын көрсөтө алды.
Андыктан Кыргызстан Адам укуктарын күнүн майрамдоо үчүн маанилүү себептери бар - бул Адам укуктары 2019-ж боюнча майыптардын укуктары боюнча эл аралык Конвенциянын жана 2019-2021-ж.ж. иш аракеттердин улуттук иш-план кабыл алууну макулдашуусу болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты, КР Жогорку Кеңеши, мамлекеттик органдар, Акыйкатчы институту, Адам укуктары боюнча улуттук институттар, жарандык коом жана КР БУУ түзүмүнүн өкүлдөрү катышышты.
КР Президентинин атынан Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А. Кененбаев, КР Өкмөтүнүн атынан вице-премьер- министр А. Өмүрбекова, КР Жогорку Кеңештин атынан депутат А. Исмаилова, Акыйкатчы институнун атынан Акыйкатчы Т. Мамытов, жарандык коомдун атынан С. Дыйканбаева сөз сүйлөштү.
Алардын ар бири бардык адамдар эркин жана тең укуктар менен жарык дүйнөгө келерин, адамдар бири-бирине сый, аң-сезимдүү жана боордош мамиледе болушун, ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, өңү-түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан декларацияда жарыяланган бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиштигин белгилешип, Кыргызстан адамдардын жана жарандардын укуктарын сактоо жаатында болгон иш-аракеттерин жасап жатканын мисалдар менен айтып өтүштү.
Иш-чара бардык адамдар эркин жана тең укуктар менен жарык дүйнөгө келет-деген чакырыктын алдында өттү.