Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда жаракат алган тез жардам кызматынын үч фельдшери жана 103 кызматынын 1 айдоочусу бар

06/10/2020 - 15:58

5-октябрдан  6-октябрга саат 10.00гө чейин 299 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна кайрылышкан, алардын 106сы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Жалпысынан 70тен ашуун жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Учурда 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, алардын ичинен экөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы туруктуу. Белгилей кетсек, ооруканага түшкөндөрдүн арасында тез жардам кызматынын үч фельдшери жана 103 кызматынын 1 айдоочусу бар.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева менен болгон маегинде түшүндүргөндөй, түшкөн бардык бейтаптар ар кандай татаалдыктагы медициналык операцияларга муктаж.