Бишкек шаарынын мэриясы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана ден-соолугунан айрылган балдардын конституциялык жана эл аралык келишимдердеги укуктарын четке какты

21/08/2020 - 10:47

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмилбековичке, мэриянын бөлүмдөрүнүн ишинде баланын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөнү, Кыргызстандын мыйзамдарынын жоболорун  жана ченемдерин жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык конвенцияларды / декларацияларды сактоону  суранып, атап айтканда - Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси, БУУнун Баланын Укуктары Конвенциясы, БУУнун Майыптардын Укуктары Конвенциясы, Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясы (1948-жылдын 10-декабрындагы АУЖД)  документтердин ченемдерин так жана туура аткарууга зарлдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Акыйкатчы Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, Өлкөнү санариптештирүү жана Балдарды колдоо жылы деп жарыялагандыгын эске салып,  балдарды коргоо - адамдын жашоосундагы эң башкы нерселигин баса көрсөттү.

 Ушуга байланыштуу, Токон Мамытов Васильев көчөсү,95 дарегиндеги имаратта (Биринчи май району) жайгашкан "Оберег" реабилитациялык борборду чыгаруу жана бул имаратты №13 МТУга берүү тууралуу чечимди кабыл алуу  менен мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Н.Тынаев КР Президентинин белгиленген Жарлыгы эле эмес, мамлекеттин жана эл аралык укук коргоо коомчулугунун коргоосу алдында болгон Кыргыз Республикасынын жакыр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын конституциялык жана эл аралык  келишимдерде каралган укуктарынан дагы аттап жаткандыгына Бишкек ш. мэринин көңүлүн бурду.

  - Урматтуу Азиз Эмилбекович, "Оберег"   калыбына келтирүү борбору белгилүү болгондой,   балдардын, өспүрүмдөрдүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштардын (майыптардын) - церебралдык шал оорусу, талма сыяктуу оор физикалык жана психикалык оорулары бар балдарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу өнүгүүгө багытталган.  Арасында Даун синдрому, акыл-эси кем, аутизм, шизофрения жана башкалар (алардын бардыгы 1 жана 2-топтогу майыптар, 4 жана андан жогорку жаштагы) да көп-деп кайрылып,  мэрия №13 МТУнун кызматкерлери талаа шартында, темир контейнерлерде иштөөгө мажбур болуп жатышкандыктарына жана бул "курч өндүрүштүк зарылчылык" экенине таянып, Васильев көч.95 дарегинде жайгашкан имаратты №13 МТУга берүү тууралуу мэриянын  чечими  туура эмес болгонун түшүндүрүп, CoViD-19 коронавирус пандемиясына чейин бул борбордо 60тан ашык бала карамагында турганын  баса белгиледи

Ошентип, борбордук мэрия оорулуу балдардын укуктарын ден-соолугу чың кишилердин- № 13 МТУнун муниципалдык кызматчыларынын укугунан бир нече эсе төмөн койду.  Мэрия , өзгөчө көңүл бурууну жана медициналык-педагогикалык көзөмөлдү талап кылган балдардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына шек келтирбестен № 13 МТУну мэриянын балансында турган башка имараттарына жайгаштырса болмок. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, мен Сизге өтүнүч менен кайрылам: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 11-июнундагы "Оберег" калыбына келтирүү борборун жайгашкан жайынан көчүрүү боюнча чечимин жокко чыгаруу, Васильев көчөсү,95 дарегиндеги имаратта жайгашкан, ал борбордун  оңдоп-түзөө, тейлөө жана чектеш аймакты көрктөндүрүү үчүн каражат жумшаган "Оберегге"  кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Мындан тышкары,  Бишкек ш., Асанбай көч. Айтиев 1/2, жалпы аянты 634 кв.м (түндүк канатта, 1 жана 2-кабаттарда), "Бишкек шаарынын мэриясы менен Реабилитациялык борбордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө" Меморандумдун алкагында 2018-жылдын 28-апрелинен тарта "Оберег" борборуна өткөрүлүп берилип, акыркы үч жылдын ичинде ден-соолугу чың балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды өнүктүрүү менен алектенип  келген “Оберег" инклюзивдик билим берүү борбору орун алган турак эмес жайларга юридикалык каттоону жүргүзүү керектигин башкача айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынан,  “Оберег” менен документтештирилген кепилдиктерди жана убадаларды аткарууга, ошондой эле мүмкүн болгон түшүнбөстүктөрдү же жогоруда аталган Меморандумду бузууга жол бербөөгө чакырды.