Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү айыпталуучуга тергөө иштеринен качып, мыйзамдын негизинде жазадан кутулуусуна көмөктөшкөн
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына М.Т. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Анда 1997 -жылдын 5 -майында Нурматов Акылбек аттуу жаран батирди саттым деген шылтоосу менен алдап арыз ээси М.Т.дан 9000 (тогуз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча алып, андан кийин чалууларга жооп бербей качып кеткен. Бул факты боюнча 2001 -жылдын 14 -июнунда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон, анын жүрүшүндө жаран А.Нурматовго сыртынан айып тагылып, камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бирок, анын жүргөн жери аныкталбагандыктан, А. Нурматовго издөө салынган.
2020 -жылдын 12 -февралында издөөдө жүргөн адам кармалып, тергөө улантылган. Бирок сурактан кийин, ошол эле күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдымалик уулу Нурдан айыпталуучу А. Нурматовду бошоткон, анын натыйжасында ал кайрадан тергөөдөн качып кеткен.
2020 -жылдын 12 -мартында тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Абдымалик уулу Нурдан Жазык-процесстик кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде бул кылмыш иши боюнча тергөө ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
М.Т. арызында Акыйкатчыдан тергөөчү Абдымалик уулу Нурдандын аракеттеринин мыйзамдуулугун кароого жана бул тергөөчүгө тиешелүү жазаларды колдонууга көмөктөшүүнү суранат.
КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдымалик уулу Нурдан тарабынан жазык -процесстик мыйзамдардын ченемдерин бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу тергөөчү Абымалик уулу Нурданга карата кызматтык иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен тиешелүү каттар прокуратурага жана ички иштер органдарына жөнөтүлгөн.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдө белгилүү болгондой, тергөөчү Абдымалик уулу Нурдан тарабынан кармалган зарыл болгон тергөө аракеттери көрүлгөн эмес, анын натыйжасында тергөөчү тарабынан сыртынан айып тагылганына жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганына карабастан, А.Нурматов кое берилген. Башкача айтканда, тергөөчүнүн жардамында айыпталуучу А.Нурматов кайра тергөөдөн качып жана кайра мыйзамда каралган жазадан кутулган.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде Ленин райондук прокуратурасы тергөөчүАбдымалик уулу Нурданга карата Жазык кодексиинин 331-беренеси (Шалаакылык) боюнча КжЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголгон).
Бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө.