Бишкек шаарындагы Свердлов районунун бир катар милиция кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө» КР мыйзамын эске албагандыгы үчүн тартиптик жазага тартылышы керек

09/03/2020 - 15:44

Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында КР Акыйкатчысы тарабынан ушул күнү Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өткөн аялдардын укуктары үчүн жана зордук-зомбулукка каршы тилектештик маршынын учурунда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган акциянын катышуучуларына тез арада жолугуу үчүн Свердлов райондук ИИБна Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринен турган иликтөөчү топ жиберилген.

Бирок милиция кызматкерлери бир сааттан ашык убакыт бою байкоочу эксперттерди ИИБнын ичине киргизбей кармап турушкан. Буга байланыштуу, Акыйкатчынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу жөнүндө тиешелүү акт түзүлгөн. Ошондон кийин гана, бардык кармалгандар бошотулгандан соң, КР Акыйкатчысынын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын башка түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү ИИБнүн бөлмөлөрүн кароого жана өз суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Атап айтканда, милиция кызматкерлери аталган марштын 70 катышуучусу ИИБнө алынып келингендигин, алардын ичинен 9уна Бузуулар жөнүндө кодекстин 82-беренесин («ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө») бузулгандыгы боюнча протокол түзүлгөнүн маалымдашты. Андан тышкары, бузуулар жөнүндө тиешелүү протоколдор «Кырк чоро» бирикмесинин дагы өкүлдөрүнө карата дагы түзүлгөн, иликтөөчү топ менен сүйлөшүүлөр болгон учурда алар марш учурунда анын катышуучуларына кол салышкан белгисиз адамдарга эч кандай тиешеси жок экендигин айтышты.

ИИБнүн имаратына КР Акыйкатчысынын (Омбудсмен) жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнүн имаратына киргизбеген бир катар милиция кызматкерлерине карата КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө» КР мыйзамын эске албагандыгы жана аткарбагандыгы үчүн тартиптик жазага тартуу жөнүндө тиешелүү сунуштама даярдалды жана тиешелүү органдарга жиберилди.