Бишкек шаарындагы бардык ички иштер башкармалыктарында жарандардын конституциялык укуктарынын одоно бузулуулары аныкталды

30/09/2020 - 16:45

2020-жылдын 29 жана 30-сентябрь күндөрү КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы Ленин, Биринчи май жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыктарына күтүүсүз текшерүү менен барышып, ал жерде кылмыш жасоого шектелип кармалган жарандардын укуктарынын бузулуу маселелери боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Аталган РИИБдерде буга чейин Свердлов РИИБде аныкталган сыяктуу эле укук бузуу фактылары аныкталды. Ал жерде кармалып тургандардын кармоо шарттары санитардык ченемдерге жооп бербейт. Андан тышкары бул жердеги тиричилик шарттары гигиена, санитардык шарттары жана өрт коопсуздугу талаптарына жооп бербейт, уктоочу керебеттер жок (кармалгандар скамейкаларда же полдо уктоого аргасыз), идиш-аяк жок жана тергөө алдындагылар үчүн тамак аш уюштурулган эмес.  

РИИБ кызматкерлери Бишкек ШИИБ УКЖ жана №1 ТИЗО кармалгандарды ПЦР тест анализдери жоктугунан жана кармалгандар үчүн камералардын толуп кеткенинен улам кабыл алышпай турганын маалымдашты. Натыйжада, соттун чечимине ылайык, абакта кармалышы керек болгон тергөөдөгү-абактагыларга карата КР мыйзамдарында бекитилген ченемдер аткарылбайт.

Ушуга байланыштуу КР Акыйкатчы аппараты эске салат, Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдер боюнча ден соолукту жана каруу-күчтү сактоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамак-аш менен камсыз болушат  деген талап аткарылууга тийиш.

Ошондой эле белгилеп коюу керек, кармалгандардын РИИБ имаратындагы эч кандай шарты жок жайларда 3 сааттан ашуун кармалып турушу катаал жана адамгерчиликсиз мамилеге жатат. Анан калса, кармалгандарды аталган РИИБдерде кармоого мыйзамдуу негиздер жок (тергөөчүнүн, соттун, прокурордун  процесстик чечими).

Жогоруда баяндалгандардын негизинде КР Акыйкатчысы республиканын көзөмөлдөөчү органдарына кайрылып, түзүлгөн жагдайга өзгөчө көңүл буруп, КР жарандарынын конституциялык укуктарын тикелөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү сунуштайт.