Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын өкүлү менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жолугушту

16/07/2018 - 15:45

Бүгүн 16-июлда Акыйкатчы институту Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын өкүлү менен жолугушту. Жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын алкагындагы “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизмди алдын алуу үчүн инклюзивдик башкаруу жана сот адилеттигинин системасы” долбоорунун макулдашуусу талкууланды.   

Аталган долбоор эки тараптын ортосунда алгачкы жолу болгону турат.

Андыктан, Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчылары тарабынан долбоор боюнча кызыкккан суроолор Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын өкүлү Мукаш Калдаровго көп болду. Долбоордун макулдашуусуна эки тараптын колу коюлса, бирдиктүү иштин багыттары жана иш-планы аныкталмакчы.

Долбоордун негизги максаты-коомдун келечеги үчүн кооптуу болгон зордук-зомбулук коштолгон экстремизмдин келип чыгуу себептерин аныктап, ага каршы алдын-ала иш-аракеттерди чыңдоо. Ошондой эле бул долбоор мекемелердин өз ара иш алып баруусун жөнгө салып, бекемдейт.

Айта кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач Долбоорлордун аудиттеринин департаменти Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын буйрутмасы менен Акыйкатчы аппаратын иштешүү потенциалын баалашкан. Жыйынтыгында Акыйкатчы аппараты баалоо критерийлеринен ийгиликтүү өткөн.

 “Биз бул долбоордун алкагында Өзгөчө кырдаал министрлиги, Юстиция министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ж.б. сыяктуу ондон ашык мамлекеттик мекемелер менен иштешебиз. Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизм, сот адилеттүүлүгү боюнча көйгөйлөр укук коргоо тармагына гана эмес, башка тийиштүү мамлекеттик түзүлүштөргө да тиешеси бар экенин  баса белгилегибиз келет. Эгерде долбоорду ишке ашырууда кандайдыр бир суроо-талаптар, маселелер жаралса эки тараптын макулдушуусу менен чечилет” деди Мукаш Кадыров.

Өз кезегинде Акыйкатчы Аппаратынын жетекчиси Мухаббат Карабаева “Бул макулдашуунун долбоору Акыйкатчы аппаратынын ар бир бөлүмүндө талкууланып,   айрым бөлүм башчылар өз сунуштарын, толуктоолорун киргизишти. Жыйынтыгында  баардыгы колдошту. Сиздер менен иштешүү ийгиликтүү болушуна тилектешпиз”-деген пикирин билдирди.