«Бир Дүйнө Кыргызстан» эл аралык фестивалынын темасы баланын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын 30 жылдыгына арналат

29/11/2019 - 15:02

Кыргызстанда 2019-жылдын 11-15-ноябрь күндөрү «Бир Дүйнө Кыргызстан-2019» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIII эл аралык фестивалы өтөт.

Жыл сайын фестивалдын программасында адам укуктарын коргоо боюнча темалардын бирине басым жасалып, негизги көңүл бурулат. 12 жыл аралыгында фестивалда 450дөн ашуун даректүү тасмалар көрсөтүлдү, ар жылы иш-чарага 5000ден ашуун адам катышып келет. 2019-жылы «Бир Дүйнө Кыргызстан» эл аралык фестивалынын темасы Туруктуу өнүгүү максаттарына жана баланын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын 30 жылдыгына арналган.

Уюштуруучулардын айтымында, Фестивалда дүйнөнүн он өлкөсүнөн балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, мигранттардын, качкындардын балдарынын укуктарын чагылдырган 20дан ашуун даректүү тасмалар, ошондой эле, Кыргызстанда, регионалдык жана эл аралык деңгээлдерде балдардын укуктарын коргоо жаатында тутумдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча инновациялык ыкмаларды чагылдырган тасмалар көрсөтүлөт.  

Тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары фестивалдын алкагында балдардын укуктарын сактоо маселелери боюнча 15  семинар өткөрүлмөкчү.