Бир айлыктын алкагында Ош мамлекеттик юридикалык институтундагы жолугушуу

24/11/2019 - 16:33

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан Адам Укуктарынын жалпы Декларациясынын 71 жылдыгына  карата жарыяланган бир айлыктын алкагындагы  иш-чаранын негизинде  КРнын Акыйкатчысынын Ош өкүлчүлүгү тарабынан  Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы Аппаратынын Жарандардын кабыл алуу жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Келсинбек кызы Керемет менен биргеликте 2019-жылдын 20-ноябрында  Ош шаарындагы Ош мамлекеттик юридикалык институттун жамааты  менен жолугушуу   уюштурулду.

Жолугушууда Ош мамлекеттик юридикалык институттун ректору  Эгемберди Токторов Акыйкатчы  Аппараты менен биргеликте иш алып баруу үчүн эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы Аппаратынын бөлүм башчысы Келсинбек кызы Керемет адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу КР Акыйкатчысынын ишмердүүлүгү жана Акыйкатчы жөнүндө КР Мыйзамы тууралуу кеңири баяндап берди, ошондой эле, студенттерди жер-жерлерде, алыскы райондордо волонтердук негизде адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында чогуу иш алып барууга чакырды.

КРнын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлү Ш.Касымов Адам Укуктарынын жалпы Декларациясынын 71 жылдыгы, декларациянын кабыл алынышынын тарыхый мааниси,  аткарылышы жана башка адам укуктарына байланыштуу келишимдер тууралуу баяндады. Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлчүлүгү тарабынан  аткарылган иштери тууралуу маалымат берди.  Жолугушуу учурунда студенттер тарабынан берилген көптөгөн суроолорго жооп берилди. 

Жолгушууда Ош мамлекеттик юридикалык институттун проректору М. Арстанбеков КРнын Акыйкатчы аппаратынын  кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, укук жаатында бирге иштерди алып барууну суранды. Аталган юридикалык институтта КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту жана анын КР Омбудсмени тууралуу мыйзамы боюнча  сабак өтүлөөрүн,  ал предметти  ага окутуучу Д Маматашиев өтө тургандыгын баса белгилеп айтышты.  Акыйкатчы Институту тууралуу түздөн-түз ал жерде эмгектенген кызматкерлерден угуу студенттер үчүн кызыгууну жаратты.

Жолугушуунун катышуучуларына  «Акыйкатчы (Омбудсмен)» ведомстволук  газетасы таркатылды.