Баткенден Бишкекке жөө келаткан Сайтраим Абдилатовго Акыйкатчы институнун кызматкерлери жолукту

28/09/2018 - 19:42

Коомчулукка белгилүү болгондой, Баткен районунун Сайтраим Абдилатов аттуу тургуну уулу күнөөсүз жерден кылмышка шектелип жатканын айтып, акыйкат издеп 22-сентябрда Бишкекке жөө жөнөгөн. Бул окуяны Акыйкатчы Токон Мамытов көңүл сыртында калтырбай, ал кишинин ал-абалын, арыз-муңун угуу үчүн жолугушууну болжоп жатканда, Сайтраим аксакалды туугандары жолдон артка кайтарып алып кетишкени белгилүү болду.

Акыйкатчы  Баткен облусунун өкүлчүлүгүнө тез аранын ичинде ал кишиге жолугуу тапшырмасын берип, өкүлчүлүк 2018-жылдын 27-сентябрь күнү жолугуп келишти.

Айта кетсек: ушул жылдын  26-августунда  Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жол кырсыгы катталып, анда каза болгон адам өлүмү боюнча Абдилатовдун уулу шектүү деп табылып, кызыл-Кыя ШИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жолугушуу учурунда аксакал жөө жүрүшүн токтотконун айтты.

Ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын өкүлчүлүгү Абдилатовдон бул окуя  боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан бул ишке көзөмөл жүргүзүп берүүнү жана 2018-жылдын 1-октябрында баласы Сайтраим уулу Кимсанбайдын баш коргоо чарасы боюнча Баткен областык сотунда каралуучу ишке катышып берүүнү билдирген арызын алды.

Бул окуя Акыйкатчынын көзөмөлүндө болуп, өкүлчүлүк 2018-жылдын 1-октябрында Баткен областык сотуна катышып бермекчи.