Баткендеги Үч-Коргон айылындагы көмөкчү мектептин спорт залы кыйроо абалында, балдардын өмүрү коркунучта

11/10/2021 - 10:32

“Укук кербени” долбоорунун алкагында Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева жетектеген КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин тобу Баткен облусундагы социалдык мекемелерге мониторинг жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында интернатка (көмөкчү мектепке) барышты. Бул билим берүү мекемеси канааттандырарлык абалда, тамак -аш жана санитардык ченемдер мамлекеттик стандарттарга жооп берет, спорт залы гана көйгөйлүү, ал кыйроо абалында. Дубалдарынан жарака кеткен жана шыбактары көчүп - окуучулардын коопсуздугуна жана өмүрүнө ачык коркунуч жаратууда. Муну эске алып, учурда спорт залдын бир бөлүгү кампа катары колдонулса, экинчи бөлүгү бош турат. Ошол эле учурда сууктун түшүшү менен балдар көчөдө, ачык асман алдында дене тарбия менен машыгууну уланта беришсе ооруп калуу ыктымалдыгы бар.

Бул мектептин директору менен болгон баарлашууда белгиленгендей, балдарга спорттук көнүгүүлөр керек, ошондой эле физикалык ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү үчүн аларга атайын тренажерлор керек.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевге кат жөнөттү.

“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары тарабынан аныкталган көйгөйлөр жергиликтүү мамлекеттик органдарга  жөнөтүлөт, ал эми өтө зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине маалымдалат.