Баткендеги убактылуу кармоочу жайларга жана тергөө абагына мониторинг жүргүзүлдү
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жарандардын укуктарынын сакталышына жана кыйноолордун алдын алуу максатында аймактагы убактылуу кармоочу жайларга жана тергөө абагына мониторинг жүргүздү.
УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө изоляторунда 6 жаран кармалууда. Алардан кармоо шарттарына жана мекеменин кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар болгон жок.
Мониторинг учурунда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 10 киши кармалып турган. Алардын көпчүлүгү Кылмыш жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык), 208-беренеси (Опузалап талап кылуу), 209-беренеси (Алдамчылык) менен шектелип кармалгандар.
Изолятордо олтурган айыпталуучу (Кылмыш жаза кодексинин “Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлккө залал келтирүү” беренеси менен) Акыйкатчынын кызматкерлеринен анын соттук отурумуна байкоо жүргүзүп берүүнү өтүндү.
Ошону менен катары эле Лейлек жана Кадамжай милициясынын убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүлүп, анда талапка жооп бербеген жагдайлар аныкталды.
Лейлек РИИБнин убактылуу кармоочу жайында 5 адам, Кадамжайда – 8 киши кармалып турган.
Лейлекте убактылуу кармоочу жайдын имараты 1984-жылы курулуп, азыр авариялык абалда. Кармалгандарга эскилиги жеткен жууркан-төшөк, идиш-аяк берилген.
Эки райондун тең изоляторлорунун медициналык жайы КРнын Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежесин талаптарын бузуп, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон эмес.
Институттун кызматкерлери кармалган жарандарга укуктук кеңештерди берип, Акыйкатчы Институтуна кайрылуунун жол-жоболорун түшүндүрүштү.
Ошону менен катары эле Лейлек жана Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайларында кармалып турган шектүүлөрдүн өздүк иши менен таанышууга мүмкүн болгон жок. Себеби, изолятордун начальниги иш ордунда болбогондуктан, андан уруксатсыз көрсөтүүдөн баш тартышты.
Белгилей кетсек, мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10- 20-21-беренелерин бузган болуп саналат.
Мониоринг учурунда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине көңүл буруу актысы жөнөтүлдү.
Акыйкатчы Институту өз мандатынын алкагында эркиндигинен ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантат.