Баткен жергесиндеги калк менен жолугушууда Акыйкатчынын өкүлү укук темасында түшүндүрмө берди

03/06/2019 - 11:44

2019-жылдын  31-май жана  1-июнь күндөрү Баткен областынын Баткен  районуна караштуу Суу-Башы айыл өкмөтүндө, Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жана Бирлик айыл өкмөтүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы С.Субанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин башчысы М. Пратова,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен областтык Юстиция бөлүмүнүн мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам долбоорунун координатору жана КР Акыйкатчысынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Рахматулаев катышты.

Жолугушууда Акыйкатчынын өкүлү  КР Конституциясындагы  адам укуктары жана эркиндиктери каралган беренелер,  КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамы, Акыйкатчы институтунун ишмердиги, ага кайрылуунун тартиби жана Акыйкатчы Институту менен байланышуу жолдору тууралуу айтып берди. Ошондой эле кайрылган жарандарга укуктук кеп-кеңештер берилди. Мындай жолугушуу БУУӨПтүн жана   ЮСАИДдин  “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү портал” долбоорунун алкагында ишке ашкан.