Баткен району боюнча 106 адам карантинге алынган

25/03/2020 - 09:40

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен областы боюнча өкүлчүлүгү штаттык режимде иштеп жатат. Облустун аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаал боюнча өкүлчүлүктүн берген маалыматына ылайык,  Баткен роайону боюнча карантинге алынгандардын саны - 106 адам.

Алардын ичинен 1 адамда коронавирус илдети аныкталган. Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгү облустагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантышууда.