Баткен облусунда КР Акыйкатчы институтунун ишмердиги тууралуу сөз болду
2021-жылдын 8-сентябрынан 10-сентябрына чейин КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Рахматулаев иш сапары менен Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында иш сапарында болду. Иш сапардын алкактарында Кадамжай районунун Чаувай жана Үч-Коргон айыл аймактарынын жооптуу кызматкерлери менен жолугушту, бир катар социалдык обьектилерде болуп мектеп мугалимдери, медициналык кызматкерлер жана муниципалитет кызматкерлери менен маектешти.
Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Бөрүбай Кулбаев атындагы №18 орто мектепте, Үч-Коргон мектеп интернатында, Пушкин атындагы №6 орто мектепте, С.Айни атындагы орто мектепте жана №40 Манас-Ата орто мектептеринде болду. Жолугушууларда Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү К.Рахматулаев адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча КР Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана “115 Шыр байланыш” кызматынын иши тууралуу айтып берди.
Мындан сырткары К.Рахматулаев буга чейин 115 Шыр байланыш кызматына кайрылган жарандын арызын жеринде карады. Арыз ээси менен маектешүүдөн кийин, анын жазуу түрүндөгү арызы кабыл алынды жана ал Акыйкатчынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кароосуна алынды.
Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты калктын укук жагынан маалымат алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.