Башпаанек издегендердин документ алууга болгон укуктары

13/09/2022 - 11:27

2022-жылдын 8-9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова башпаанек издеген үй-бүлөлөрдүн 30дан ашык өкүлдөрүн кеңсесинде кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө башпаанек издеген адамдарга качкын статусун берүү, жашап турууга уруксат берүү, жарандык алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө түзүлгөн кырдаалды толук талдоо үчүн аталган адамдардан сурамжылоо жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алардын дээрлик бардыгы качкын статусуна тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушары аныкталды. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн качкындарга документтерди тездетип берүү боюнча улуттук мыйзамдардын ченемдеринин жоктугу белгиленди. Өз кезегинде Акыйкатчы бул маселенин оң караларына ишенимин, республикада жарансыздыкты жоюу боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле негизги укуктарга жетүүнү камсыз кылуу жолу менен ар бир адамга коомдун жашоосуна толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Кыргыз Республикасында жүргөн качкындардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого даярдыгын билдирди. Эске салсак, буга чейин ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Абдрахматова БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын Борбордук Азия боюнча өкүлдөрү менен жолугушкан.

Анда эл аралык милдеттенмелердин алкагында Кыргыз Республикасында жүргөн качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарынын сакталышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУнун 1954-жылдагы «Жарандыгы жок адамдардын статусу жөнүндө» Конвенцияларына кошулуу маселеси жана 1961-жылдагы « Жарансыздыкты кыскартуу жөнүндө» Конвенциясы талкууланган.