Балдары энесинде калсын деген сот чечимин бузган адам жазаланабы?

25/03/2022 - 14:17

КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнө Ж.А. арыз менен кайрылган. Арызында, 2017-жылы Р.М. атуу жаран менен баш кошуп жашашканын,  2018 жана 2020-жылдары эки уулдуу болушканын, андан кийин пикир келишпөөчүлүктөн улам ажырашып кетип, балдар  өзү менен калганын жазган.

Бирок 2020-жылдын 25-ноябрында мурунку жолдошу бакчада каралып жаткан жеринен улуу баласын алып кетип калган. Ал эми экинчи баласын 2022-жылы 11-февраль күнү бала бакча кызматкерлерин алдоо жолу менен алып качып кеткен.

Бул боюнча арыз ээси Ош ШИИБ милиция бөлүмүнө кайрылса, эч кандай натыйжа чыкпай жатканына даттанган.

Кайрылуу боюнча КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана жана Ош шаары боюнча  өкүлчүлүгү тарабынан  Ош ШИИБ башчысына, Ош шаарынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысына, Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысына жана Ош шаарынын прокурорунун наамына суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Ж.А. жолдошу менен мыйзамдуу түрдө ажырашканына карабастан, Ош шаарынын укук коргоо органдары бул “үй-бүлөлүк маселе” деп көңүл бурбай коюшкан. Балдары энеси менен болушу керектиги тууралуу соттун чечими аткарылган эмес. Үй-бүлөнү, балдарды колдоо бөлүмү да бул маселеде өз милдетин так аткарган эмес.

Кичүү баласын атасы ала качып кеткенинен улам катуу стресс алган А.Ж. айым  Ош областтар аралык онкология борборуна түшүп, ал жерде ага эки көкүрөгүндө тегиз галактостаз деген корутунду берилген.

Бул иш Ош облустук сотунда карала турган болгондуктан, КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  сот отурумуна мониторинг жүргүзүшөт.

Эне менен балдардын маселеси КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.