Балдардын укуктарын зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бир айлыктын алкагында Талас районунун билим берүү мекемелерине мониторинг жүргүзүлдү

18/02/2022 - 15:47

Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган балдардын укуктарын зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан бекитилген планга ылайык, Жумагулов атындагы «Манас» лицей-интернатында болушту.

Иш сапардын алкагында мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу болуп, анда Акыйкатчынын өкүлдөрү зордук-зомбулукка жол берилбестиги, мектепте анын алдын алуу зарылдыгын айтышты. Мындан тышкары, окуучулар менен өзүнчө маектешүүлөр болуп, интернаттын жашоочуларынын жашоо шартына мониторинг жүргүзүлдү.

Лицей-интернатта 120 окуучу билим алат. Анын ичинен 16сы келип-кетип  окушса, 104 окуучу интернатта жашайт. Лицей 8-класстан окуучуларды тесттин жыйынтыгы боюнча кабыл алат. Ар бир балага бюджеттен 60 сомдон бөлүнөт жана ата-энелер тамак-ашына айына 2000 сомдон, андан сырткары жылына 4000 сомдон окууга төлөшөт.

Ал эми 2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Казак Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушту.

Мектепте ар бир класстын окуучулары менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, аларга өздөрүнүн укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү. Маектешүү учурунда зордук-зомбулукка кабылган окуучулар аныкталган эмес. Мектепте 208 окуучу бар. Ар бир класста 16-25 окуучу окуйт. Болгону 7-класста окуучулардын саны- 30. 11-класста окуучулар жок. Бул мектепте математика, химия, физика боюнча предметтик мугалимдер жок болгондуктан, башка мектептердин мугалимдери тартылганы белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мектепте толук кандуу эместиги ата-энелердин көбү балдарын орус тилинде, мисалы, Көк-Ой мектебинде жана Талас шаарындагы башка мектептерде окутууну туура көргөнү менен түшүндүрүлөт.