Балдардын укуктарын коргоо боюнча көп тараптуу Меморандумга кол коюлду
Бүгүн, 2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде Омбудсмен Токон Мамытов «Первый детский хоспис”" коомдук фонду, “Ассоциация детских образовательных организаций” юридикалык жактар ассоциациясы, ошондой эле ”Кыргызстан без Сирот”кыймылы менен көп тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Кол коюлган Меморандумга ылайык, КР Акыйкатчысынын аппаратынын алдында Балдардын укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеш түзүлүп жатат, ал жерде тараптар өз компетенцияларынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле тиешелүү ички ченемдик документтерге ылайык, жогоруда айтылган Координациялык кеңештин алкагында төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенишет:
- балдардын, үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын коргоо жана сактоо; алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын күчөтүп, алардын абалын жакшырта турган чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлде илгерилетүүдө;
- балдардын, анын ичинде стационардык жана жабык мекемелердеги балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө;
- балдардын укуктарын сактоо боюнча изилдөө иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө;
-бардык балдарга инклюзивдик билим берүү;
- балдардын ден-соолугун сактоо;
- балдардын укуктарын сактоо боюнча иш-чараларды (тренингдер, семинарлар ж.б.) уюштурууда жана өткөрүүдө.
Ошондой эле тараптар балдарды колдоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүдө бири-бирине ар тараптуу жардам көрсөтүүнү макулдашышты.