Балдарды зомбулуктан коргоонун бир айлыгынын алкактарында Талас облусунда жүргүзүлгөн иштер

22/02/2022 - 16:24

Кыргыз  Репусбликасынын  Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча бир айлык өткөрүү жөнүндөгү буйругуна ылайык 2022-жылдын 8-февралынан 9- мартына чейин бүтүндөй республика боюнча    бир айлык жүрүп жатат. Бир айлыктын алкагында Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан аткарыла турган иш пландын негизинде 2022-жылы 21-февралда   Бакай- Ата  районундагы “Ленин” атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектебинде  иштеген мугалимдер жана  окуучулар менен  жолугушуу өткөрүлдү. 

Зомбулук фактылары боюнча мисалдар келтирилди. Окуучуларга  зордук зомбулуктун алдын алуу  жөнүндө  кеңири маалымат берилип, класстарга кирип, окуучулар менен өзүнчө жолугушуу өткөрүлдү. Ошондой  эле окуучулар менен өзүнчө маектешүү жүргүзүлүп, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) 115 шыр байланыш  телефонуна байланышуунун шарттары түшүндүрүлдү. Мектепте окуган окуучулардын шарттарына мониторинг жүргүзүлдү.

“Ленин” атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектебинде 2021-2022-окуу жылында  1154 бала окуйт анын ичинен 586 кыз жана  568 бала, баардыгы 74 класс бар.

Башталгыч класстарга түшкү тамак берилет. Тамак-ашка ата-энелерден күнүнө 5 сомдон айыл өкмөттөн  ар бир окуучуга 3 сомдон,   мамлекеттик бюджеттен 7 сомдон тамак ашына  бөлүнгөн. Мектептин ичи таза, жылуу, окуучуларга карата зордук-зомбулук катталган эмес.

Ушул эле күнү Бакай-Ата  районундагы  Чалдовар мектеп-интернатында  иштеген мугалимдер жана  окуучулар менен  жолугушуу өткөрүлүп,  окуучуларга  зордук- зомбулуктун алдын алуу  жөнүндө  кеңири маалымат берилди.  Мектептеги класстык бөлмөлөр кенен, жылуу ар бир класста 16-25ге чейин окуучулар окушат. Интернатка соттун чечиминин негизинде 5-класстан тартып окуучуларды кабыл  алат. Окуучулар менен жолугушуу учурунда укугу бузулган жана зордук-зомбулукка кабылган окуучулар байкалган жок.   Мектеп- интернатта 99 окуучу окуйт жана жатаканада жатышат.  4 маал тамак-аш берилет, ар бир окуучуга 220 сомдон тамак-ашка бөлүнгөн. Жатаканынын ичи таза жана жылуу, окуучулар менен маектешкенде даттануулары жоктугун билдиришти.